Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январы № 7
Каргалык айыл өкмөтүнүн 14.01.2020- жылдагы № 16 катын кароо жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн 14-январь 2020-жылдагы №16-кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктунун негизинде,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясынын 27-ноябрь 2019-жылдагы “Казарман айылынын тургуну Ж.Шергазиевдин “Чарабай” участкасындагы жер боюнча жазган арызын кароо жөнүндөгү” №63 токтомунун 1-пунктундагы “Жайыт” деген сөз “Айыл чарба багытындагы жерлер” деп оңдолсун.
2. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
5.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|