Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 03-апрели № 10
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.К.Кожошовдун бүгүнкү күндөгү райондо болуп жаткан кырдаал тууралуу маалыматын угуу жөнүндө
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким А.К.Кожошовдун бүгүнкү күндөгү райондо болуп жаткан кырдаал тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо районунун “Макмал Голд Компани” биргелешкен ишканасы менен 2019-жылы түзүлгөн эки тараптуу келишимде көргөзүлгөн калдык 5,0 млн сом акча каражатын азыркы өзгөчө кырдаалга байланыштуу тез аранын ичинде которуп берүү жагы “Макмал Голд Компани” биргелешкен ишканасынын генералдык директору Сю Линге милдеттендирилсин .
2. “Макмал Голд Компани” биргелешкен ишканасынан келип түшө турган 5,0 млн сом акча каражатын 2020-жылдын 10-апрелине чейин Казарман Фондуна котортуу боюнча тиешелүү иш алып баруу жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.К.Кожошовго тапшырылсын.
3. Өзгөчө кырдаалга байланыштуу 2020-жылдагы социалдык пакеттин эсебинен 3,0 млн сом акча каражатын Казарман фондуна которуу жагы “Макмал Голд Компани” биргелешкен ишканасынын генералдык директору Сю Линге милдеттендирилсин .
4. “Макмал Голд Компани” биргелешкен ишканасынан келип түшкөн 5,0 млн сом акча каражатын бүгүнкү күндөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу максаттуу бөлүштүрүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.К.Кожошовго тапшырылсын.
5. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 25.03.2020-жылдагы чыгыш №06-13/596 катында көрсөтүлгөн массалык залалсыздандыруу иштерин жүргүзүүгө керек болуучу медициналык кийимдер, даары-дармектер, залалсыздандыруучу каражаттар, шаймандар, азык-түлүк азыктары менен тиркелген тиркемесине ылайык кечиктирилбестен камсыз кылуу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
6. Коронавирус COVID-19 илдетин алдын алуу максатында 2020-жыл ичинде кошуна чектешкен райондордон Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарына, Саймалуу-Таш жаратылыш паркына жана райондук Токой чарба бөлүмүнө тиешелүү жайыттарга мал киргизүүгө жана жатакчыларды отургузууга тыюу салып, көзөмөлгө алуу жагы:
- Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А.Апиевге, Саймалуу-Таш жаратылыш паркынын жетекчиси Т.Акулиевге, райондук Токой чарба бөлүмүнүн жетекчиси Тагайбек уулу Дамирге милдеттендирилсин.
7. Коронавирус COVID-19 илдетин алдын алуу максатында жергиликтүү кеңештен чыккан токтомду жана каттарды коңшу райондордун администрация башчыларына жөнөтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, макулдашып иш алып баруу жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.К.Кожошовго тапшырылсын.
8. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|