Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-апрели № 11
Каргалык айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалга акча каражатын кароо жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын)
кезексиз ХХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Азыркы өзгөчө кырдаалга байланыштуу башкаруу тармагынын 2215 ар кандай беренесине 500,0 миң сом акча каражаты өзгөчө кырдаалга жумшалсын.
2. Азыркы өзгөчө кырдаалга байланыштуу башкаруу тармагынын 2511 субсидия беренесине 500,0 миң сом акча каражаты жылдырылып, азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында МТС муниципалдык ишканасына бөлүнүп берилсин.
3. Башкаруу тармагынын 2215 ар түрдүү беренесинен ар кандай чыгымдарга каралган 200,0 миң сом, майрамдарга каралган 441,0 миң сом, спорт оюндарына каралган 170,0миң сом,карышкыр атууга каралган 100,0 миң сом, ар кандай ПСД ларды түзүүгө каралган 89,0 миң сом, жалпы 1000,0 миң сом акча каражаты бекитилген пландан азайтылып жылдырылып берилсин .
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|