Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 03-апрели № 13
“МТС” муниципалдык ишканасы тарабынан “Алдаке” участкасынын 50 га жер аянтына айдалуучу буудайды көзөмөлдөө үчүн комиссия түзүү жөнүндө.
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “МТС” муниципалдык ишканасы тарабынан “Алдаке” участкасынын 50 га жер аянтына айдалуучу буудайды көзөмөлдөө үчүн курамы 9 кишиден турган депутаттык комиссия түзүлсүн.
2. Каргалык айылдык кеңеши тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамына; туруктуу комиссиялардан У.Молдомамытов, У.Молдобеков, М.Алиев, Ж.Эсеналиев, Н.Азисбек уулу, Б.Абдылдаев, коомчулуктан: Б.Сатыбалдиев, Д.Мамбетов жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевдер бекитилсин.
3. Депутаттык комиссиянын ишин жетектеп алып баруу үчүн комиссиянын төрагалыгына Эсеналиев Жыргалбек Сабыржанович бекитилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|