Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 10-январы № 1
Кызматтын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системаларынын иштеши үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин карап жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системаларынын иштеши боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2. Түзүлгөн келишимге ылайык мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы Терек-Сай айыл аймагына милдеттендирилсин.
3. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитилген келишимдерге ылайык кызматтык маалыматтык системаларын ишке ашырууда бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы айыл аймактын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет,экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|