Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 5
“Терек-Сай айыл аймагынын шайлоо комиссияларынын жаны курамын бекитүү жөнүндө”
Терек – Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын Терек-Сай айыл аймагына караштуу участкалык шайлоо комиссияларынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жаны курамын бекитип берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу №299 Терек-Сай, №300 Кызыл-Токой , № 403 Ак-Терек участкалык шайлоо комиссияларынын курамына мекеме-уюмдардан жана жамааттардан мүчөлүккө көрсөтүлгөн талапкерлердин жаны курамы бекитилсин.
2. Терек-Сай айыл аймагына караштуу участкалык шайлоо комиссияларынын жаны түзүлгөн мүчөлөрүнүн курамы Чаткал райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ө.Токтогуловко сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|