Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 6
“Терек-Сай айылдык Кенешинин депутаты Дамирбек Чимканаевдин депутаттык мандатын тапшыргандыгы жөнүндө”
Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ө.Токтогуловдун Терек-Сай айылдык Кенешинин депутаты Д.Чимканаевдин аймактык шайлоо комиссиясына үй-бүлөлүк шартына байланыштуу депутаттык мандатын токтотуу боюнча арыз менен кайрылгандыктан, депутаттык мандатын тапшыргандыгы боюнча токтом чыгарып берүү зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык Кенешинин депутаты Д.Чимканаевдин өз каалоосу менен депутаттык мандатын тапшыргандыгы белгиленсин.
2. Терек-Сай айылдык Кенешинин депутаты Д.Чимканаевдин депутаттык мандатын тапшыргандыгы жөнүндөгү маалымат Чаткал аймактык шайлоо комиссиясына билдирилсин.
3. Терек-Сай айылдык Кенешинин депутаты Д.Чимканаевдин депутаттык мандатын тапшыргандыгына байланыштуу анын ордуна кезектеги талапкер Алмаз Сеитовго депутаттык мандат берүү жөнүндө Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы айылдык Кенештин жооптуу катчысы Б.Анарбаевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|