Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 7
“Кызыл-Токой айылын Каныш-Кыядан бөлүп алуу жөнүндө”
Чаткал районуна караштуу мурунку Каныш-Кыя совхозунун №3 бөлүмчөсү болуп келген Кызыл-Токой айылын администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча Терек-Сай айыл аймагынын чегинде жайгашкандыктан, Терек-Сай айыл аймагынын карамагына киргизүү зарылдыгы жөнүндөгү жооптуу катчы Б.Анарбаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя совхозунун №3 бөлүмчөсү болуп келген Кызыл-Токой айылын Каныш-Кыя айыл аймагынын карамагынан чыгарып, администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча Терек-Сай айыл аймагынын карамагына киргизип берүү жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы Б.Анарбаевага жана жер адис И.Смановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр жай, транспорт, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|