Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 8
Чаткал районунун денгээлинде ДМЧ жарандарга өткөрүлүүчү спартакиадага акча каражатын карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагы тарабынан Чаткал районунун денгээлинде республика боюнча ДМЧ жарандар арасында өтккөрүлүүчү спартакиадага акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан 2020-жылдын 10-январында келген №01-31/27 чыгыш сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун денгээлинде республика боюнча ДМЧ жарандар арасында өткөрүлүүчү спартакиадага колдоо көрсөтүү максатында 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т. Сувановага милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|