Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 9
Талас шаарында грек-рим күрөшү боюнча өтүүчү турнирге барууга акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан спорт залда машыккан 12 баланы Талас шаарында өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча турнирге алып барып келүүгө жол чыгымдары үчүн көмөк көрсөтүүгө күрөш залынын тренери Д.Исмановдун жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча турнирге катышып келүүгө 10 000 ( он мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т. Сувановага милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|