Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 10
“Ай-Нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 7-тайпа ачуу үчүн кепилдик кат берүү жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Ай-Нуру” м.ч.б.б.мекемесине 7-тайпа ачуу үчүн балдарды кабыл алууга айыл өкмөт тарабынан кепилдик кат берүүгө сессиянын чечиминин зарылдыгы жөнүндө “Ай-Нуру”балдар бакчасынын жетекчиси Ч.Баимбетованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Ай-Нуру” балдар бакчасына 7-тайпа ачуу максатында Чаткал райондук Элге билим берүү бөлүмүнө кепилдик кат берүү Терек-Сай айыл аймагына сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылыш коргоо, экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|