Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 11
№46 кесиптик лицейдин класс-кабинеттерине керектелүүчү буюмдарга акча каражатынан бөлүп берүү жөнүндө
Чаткал райондук № 46 кесиптик лицейдин жетекчиси Б.Алибековдун Терек-Сай айылындагы филиалында жайгашкан класс-кабинетине керектүүү буюмдарды алуу зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан № 46 кесиптик лицейинин филиалынын класс-кабинетине керектүү буюмдарды алуу үчүн 16 000 ( он алты мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т. Сувановага милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|