Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 12
Жалпы билим берүүчү мектептердин китепканасына адабий жана жомок китептерди алууга акча каражатынан бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептерге балдардын китепке болгон кызыгуусун өстүрүү, ан-сезимин өнүктүрүү максатында жаны адабий, жомок китептерди жана предметтик китептерди алып берүү жөнүндөгү мектеп директорлорунун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы орто билим берүүчү Терек-Сай мектебине 40 000 (кырк мин) сом, Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине 40 000 (кырк мин) сом , А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине 40 000 (кырк мин) сом акча каржаттары жаны адабий, жомок китептерди жана предметтик китептерди алып берүү максатында бөлүнүп берилсин
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т. Сувановага милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|