Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 13
Терек-Сай аймактык ооруканасына керектүү медициналык жабдууларды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Парида Ташбалтаеванын бейтаптарга тез жана сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон медициналык жабдууларды алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан аймактык оорукананын техникалык базасын чыңдоо максатында медициналык жабдууларды сатып алууга 39 985 (отуз тогуз мин тогуз жүз сексен беш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|