Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 14
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган турмуш-шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардам сураган жарандарга материалдык жардам берүү жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын Терек-Сай айылынын: Турдалиев көчөсүнүн тургуну Эльмира Мырзаеванын, Горняк-2 көчөсүнүн тургуну Мирбек Дүйшөбаевдин кызы Жумаида Дүйшөбаевага , Горняк-1 көчөсүнүн тургуну Анаркан Канботоеванын , Ынтымак көчөсүнүн тургуну Нурайым Качикееванын уулу Эсенбек уулу Абылкасымга , Болуш көчөсүнүн тургуну Айгүл Атабаеванын, Мырзалиев көчөсүнүн тургуну Асылкан Айтимбетованын кызы Токтомурат кызы Мээрзадага , Рудничная көчөсүнүн тургуну Жумагүл Ырысымбетованын уулу Нурадыл Мырзаназаровго, Школьная көчөсүнүн тургуну Зиядахан Мырзалиеванын, Мырзалиев көчөсүнүн тургуну Канымбү Омурзакованын жолдошу, Ооган согушунун ардагери Алишер Омурзаковго, Школьная-2 көчөсүнүн тургуну Усубалиева Чынаранын, Кызыл-Токой айылынын тургундары: Агартуу көчөсүнүн тургуну Бариниса Нарматованын кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын Терек-Сай айылынын: Турдалиев көчөсүнүн тургуну Эльмира Мырзаеванын турмуш шартына байланыштуу 5 000 (беш мин) сом, Горняк-2 көчөсүнүн тургуну Мирбек Дүйшөбаевдин кызы Жумаида Дүйшөбаеванын ден соолугуна байланыштуу 15 000 (он беш мин) сом, Горняк-1 көчөсүнүн тургуну Анаркан Канботоеванын турмуш шартына байланыштуу 5 000 (беш мин) сом, Нурайым Качикееванын уулу Эсенбек уулу Абылкасымга дары-дармектерине 10 000(он мин) сом , Болуш көчөсүнүн тургуну Айгүл Атабаеванын ден соолугуна байланыштуу 15 000 (он беш мин) сом, Мырзалиев көчөсүнүн тургуну Асылкан Айтимбетованын кызы Токтомурат кызы Мээрзаданын ден соолугуна байланыштуу операция жасатууга 30 000 (отуз мин) сом , Рудничная көчөсүнүн тургуну Жумагүл Ырысымбетованын уулу Нурадыл Мырзаназаровдун ден соолугуна байланыштуу лечение алууга 10 000 (он мин) сом, Школьная көчөсүнүн тургуну Зиядахан Мырзалиеванын ден соолугуна байланыштуу 25 000 (жыйырма беш мин) сом, Мырзалиев көчөсүнүн тургуну Канымбү Омурзакованын жолдошу, Ооган согушунун ардагери Алишер Омурзаковдун ден соолугуна байланыштуу лечение алуусуна 5 000 (беш мин) сом, Школьная-2 көчөсүнүн тургуну Усубалиева Чынаранын ден соолугуна байланыштуу 3 000 (үч мин) сом, Кызыл-Токой айылынын тургундары: Агартуу көчөсүнүн тургуну Бариниса Нарматованын турмуш шартына байланыштуу 10 000 (он мин) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т. Сувановага милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|