Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 15
Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебине Ооган күнүнө карата иш чара уюштурууга акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору О.Исаковдун Ооган күнүнө карата иш чара уюштурууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебине Ооган күнүнө карата иш чара уюштурууга 10 000 ( он мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|