Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 16
Ак-Терек-айылыныдагы элге таза суу чыгаруучу насостордун акчасын которуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндөгү тургундардын элге таза суу чыгаруучу насосторго кеткен электр энергиясынын акчасын которуу жөнүндө айылдык Кенештин депутаты М.Тойчуевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндөгү тургундар пайдаланган таза суу чыгаруучу насостун электр энергияга кеткен чыгымы үчүн жыл ичи 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты ай сайын Ала-Бука РЭТ ишканасына которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|