Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-февралы № 17
Погрузчик техникасынын айдоочусу Б.Сулаймановдун айлык акысы жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин погрузчик техникасынын айдоочусу Б.Сулаймановго айыл аймак ичинде аткарган жумуштарына жараша айлык акысын чечип берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу погрузчик техникасын айдаган айдоочу Б.Сулаймановго жыл ичи 10 000 ( он мин) сом акча каражаты ай сайын которулуп турсун.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|