Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-марты № 1
Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин көмүр сактоочу жайын кеңейтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Р.Арзыматовдун мектептин көмүр сактоочу жайын кеңейтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин көмүр сактоочу жайын кеңейтүү үчүн 66 000 (алтымыш алты миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|