Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-марты № 2
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылынын тургундары Абдылдаева Кенжегүлдүн, Понамарева Умгульсундүн, Абасова Зульфиянын, Арстанбеков Абдестин, Ашырбекова Гулназдын, Рыскулов Увалинин, Раева Зареманын,Таштанбекова Гулжамалдын, Субанов Жоробайдын ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу дарылануу үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары Рыскулов Увалиге 5000 (беш миң) сом, Арстанбеков Абдеске 15000 (он беш миң) сом, Таштанбекова Гүлжамалга 20 000 (жыйырма миң) сом,Раева Заремага 10 000(он миң) сом,Абдылаева Кенжегүлгө 10 000(он миң) сом,Пономарева Умугулсүнгө 5000 (беш миң) сом, Абасова Зульфияга 5000 (беш миң) сом жана Кызыл-Токой айылынын тургуну Субанов Жоробайга 5000 (беш миң) сом, Аширбекова Гүлназга 25000 (жыйырма беш миң) сом ден соолуктарына,турмуш шарттарына байланыштуу жазган кайрылууларынын негизинде материалдык жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпысынан 100000 (бир жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|