Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 1
“Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекеме COVID-19 инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында дезинфекция иштерин жүргүзүү жөнүндө”
Терек – Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин азыркы кырдаалга байланыштуу COVID-19 инфекциясынын алдын алуу, ыкчам чараларды көрүү, инфекциянын жайылып кетүү коркунучунун алдын алуу, бөгөт коюу максатында аймакта жайгашкан мекемелердин имараттарын, айылдарды, көчөлөрдү дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу зарылдыгы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан мекеме-уюмдардын имараттарын , айылдарды, көчөлөрдү COVID-19 -инфекциясынын алдын алуу, ыкчам чараларды көрүү, инфекциянын жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында дезинфекциялоо жумуштарын аткарууга 200,0 мин сом акча каражаты “Тазалык Терек-Сай”муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.
2. Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан №4 ҮДТна жана аймактык ооруканага медициналык каражаттарды( маска, атайын коргоочу кийимдер, 1-жардамга керектелүүчү дары-дармектер, антисептик ж.б.) алып берүүгө жана Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында ачылган санитардык карантиндик-көзөмөлдөөчү постко күзөтчүлөрдү ташууга, күзөттө тургандардарды тамак-аш менен камсыздоого, ашпозчунун кызмат акысына, күзөтчүлөр жатуучу контейнер менен боз үйгө керектүү болгон жабдууларды сатып алууга 250,0 мин сом акча каражаты жумшалсын
3. Бул токтомдун аткарылышы КЭБнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|