Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 2
“Терек-Сай аймагында пайда болгон өзгөчө кырдаалга байланыштуу тургундардын ун азыгына болгон муктаждыктарын чечүү максатында “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун соц.пакетинин эсебинен акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө”
Жалпы республика боюнча пайда болгон кырдаалга байланыштуу Терек-Сай айыл аймагынын тургундарынын унга болгон муктаждыктарын чечүү максатында, “Эти-Бакыр-Терек-Сай” ЖЧКнан берилүүчү соц.пакеттин эсебинен акча каражатын бөлдүрүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекетибизде болуп жаткан өзгөчө кырдаалга байланыштуу Терек-Сай айылындагы жана Кызыл-Токой айылындагы тургундарга ар бир кожолукка бир каптан ун алып берүү үчүн “Эти Бакыр Терексай ” ЖЧКнан 2175,0 мин сом акча каражаты соц.пакеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|