Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-майы № 2
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну Парпиев Касымбектин ден соолугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну Парпиев Касымбектин ден соолугуна байланыштуу дарылануу үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургуну Парпиев Касымбектин ден соолугуна байланыштуу дарылануу үчүн 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|