Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-майы № 1
Чаткал районунда коронавирус илдети катталгандыгына байланыштуу ыкчам чараларды көрүү жана андан ары жайылышына жол бербөө максатында керектүү медициналык каражаттарды алып берүү жөнүндө
Чаткал районунда COVID-19 вирустук инфекцияси катталып, учурдагы кырдаалга байланыштуу ыкчам чараларды көрүү максатында керектүү медициналык каражаттарды алуу жөнүндөгү айыл аймактын башчысы Б.С.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунда коронавирус илдети катталгандыгына байланыштуу ыкчам чараларды көрүү жана андан ары жайылышына жол бербөө максатында керектүү медициналык каражаттарды (антисептикалык каражат, маска, атайын коргонуучу кийим) жана бир жолу колдонуучу идиш-аяктарды сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150,0 миң (жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|