Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылыдын 13-майы № 1
Жайыттарды туура пайдалануу жана айыл аймактагы жайыт кызматкерлеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө отчету жана 2020-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жайыт жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин кызматкерлеринин 2019-жыл ичинде аткарган иштери жана 2020-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жайыт комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылдын ичинде аткарган иштери айтылган сын пикирлерди эске алуу менен “канаттандырарлык” деп табылсын.
2. Терек-Сай айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 289455 сомго бекитилсин жана анын ичинен жер салыгынын акчасы чыгарылгандан кийин сумманын 3/1-бөлүгү айыл аймактын счетуна которулуп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин өнөр жай, транспорт курулуш жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|