Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы № 4
Кызыл-Токой жана Жыл-Булак айылынын жаңы конуш айылына жаңы трансофрматор орноткон электр кызматкерлеринин эмгек акысын төлөп берүүгө көмөктөшүү жөнүндө
Кызыл-Токой жана Жыл-Булак айылынын жаңы конуш айылынын тургундарынын айылга жаңы трансформатор орноткон электр кызматкерлеринин эмгек акысын төлөп берүүгө көмөктөшүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Токой жана Жыл-Булак айылынын жаңы конуш айылына жаңы трансформатор орноткон электр кызматкерлеринин эмгек акысын төлөп берүүгө көмөктөшүү үчүн 81 200 (сексен бир миң эки жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|