Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы № 5
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын тургундары Уварова Иринанын эгиз уулдары Никифоров Антон , Никифоров Анатолийди Ош шаарына логопедке алып барууга жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кыдыралиев Турдуматтын жубайы Кыдыралиева Сүйүмканга жылына бир жолку берилүүчү материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында жардам көрсөтүү жөнүндөгү АКБ инспектору Н.Майлиеванын кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын тургундары Уварова Иринанын эгиз уулдары Никифоров Антонду, Никифоров Анатолийди Ош шаарына логопедке алып баруу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кыдыралиев Турдуматтын жубайы Кыдыралиева Сүйүмканга жылына бир жолку берилүүчү материалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында 10 000(он миң) сом акча каражаттары жазган кайрылууларынын негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. октом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|