Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы № 7
“Фулл Голд Майнинг” ЖЧКоомунан жана “Кыргызалтын” ААКоомунан демөөрчүлүк жардам катары берилген акча каражаты жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында “коронавирус” оорусунун жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу максатында “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКоому жана “Кыргызалтын” ААКоомунан демөөрчүлүк жардам катары берилген акча каражатын жумшоо боюнча Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагында “коронавирус” оорусунун жайылышына каршы күрөшүү жана ыкчам чараларды көрүү, андан ары жайылышына жол бербөө,алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында максатында “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКоомунан 10 000 (он миң) сом жана “Кыргызалтын” ААКоомунан 50 000 (элүү миң) сом демөөрчүлүк жардам катары берилген акча каражатын Терек-Сай аймактык ооруканасына жана № 4 ҮДТга керектүү медициналык каражаттарды (антисептикалык каражат, маска, атайын коргонуучу кийим ж.б). сатып алууга жана кырдаалга байланыштуу Кызыл-Токой айылында уюштурган санитардык-көзөмөлдөөчү постто турган кызматкерлерге тамак-ашын уюштуруу иштерине жумшалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ажакматов И.К. |
|