Загрузка документа…
КӨК ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-февралы №34/1
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 24.02.2020-жылдагы № 1-12/50 кайрылуу каты жөнүндө
Кок-Жангак шаардык мэриясынын 24.02.2020ж чыгыш № 1-12/50 катында,Өнүктүрүү фонду аркылуу №3 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин колдонулбай жаткан кошумча окуу имаратынын чатыры жана ашканасы капиталдык ремонттон өткөрүп,имаратты калыбына келтирүү үчүн шаардык кеңештин токтом .Жалпы долбоор 3 329 583 (үч миллион үч жүз жыйырма тогуз миң беш жүз сексен үч)сом анын ичинен демөөрчүлөр тарабынан өздүк салым 400 000 (Төрт жүз миң) сом жана өнүктүрүү фондунан суралып жаткан 2 929 583 (эки миллион тогуз жүз жыйырма тогуз миң беш жүз сексен үч) сомду түзөт. Кок-Жангак шаардык кеңештин депутаттары маселени карап талкуулап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезексиз XXXIV-сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1.Кок-Жангак шаардык мэриясы сунуштаган Өнүктүрүү фонду аркылуу Кок-Жангак шаарындагы №3 Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин колдонулбай жаткан кошумча окуу имаратынын чатыры жана ашканасы капиталдык ремонттон өткөрүп,имаратты калыбына келтирүү үчүн шаардык кеңештин токтому, жалпы долбоор 3 329 583 (үч миллион үч жүз жыйырма тогуз миң беш жүз сексен үч)сом анын ичинен демөөрчүлөр тарабынан өздүк салым 400 000 (Төрт жүз миң) сом жана өнүктүрүү фондунан суралып жаткан 2 929 583 (эки миллион тогуз жүз жыйырма тогуз миң беш жүз сексен үч сом) каралсын .
2.Токтомдун аткарылышын шаардын мэри Исмаилов Уларбек Тавалдыевичке милдеттендирилсин. 3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кок-Жангак шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу,жер,коммуналдык чарба,муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына калтырылсын. 4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин төрагасы: | Б.Маткаримов |
|