Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 196
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын аппарат кызматкерлеринин штаттык курамы жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик,инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын аппарат кызматкерлеринин штаттык санын 2020 жылга жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен штаттык бирдигин өзгөртүү жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында айыл статусу болуп, аралыктары айыл өкмөт жайгашкан айылдын жакындыгына, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 52-беренесине ылайык үч айыл башчы штаттык саны киргизилсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл окмотундо аскерге чакырылуучулардын санына ылайык учтон ашпаган ВУС кызматкерлеринин штаттык саны киргизилип жаш курагы эске алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу кучуно кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл –Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Э.Сагынбеков |
|