Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 197
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаеванын 2019-жылда Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө аткарган иштеринин отчетту жана 2020-жылда аткарыла турган иштеринин иш-мерчеми жөнүндө.
2019-жылда Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө аткарган иштердин маалыматтын угуп жана 2020-жылда аткарыла турган иштеринин иш-мерчемин талкуулап,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаеванын 2019-жылда Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндө аткарган иштеринде айтылган сын-пикирлер, кемчиликтер эске алынып канаттандырарлык деп табылсын, берилген тапшырмалар алты айлык мөөнөттө аткарууга алынсын жана 2020-жылда аткарыла турган иштеринин иш-мерчеми алымча-кошумчасы менен жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы көчөнүн ичинде тозулган канча гектар жер бар, айыл өкмөттүн жер адиси менен биргеликте тактап, кийинки сессияга алып келүү жагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
3. Камыш-Башы айылына жаӊы курула турган бала бакчанын жана Ж.Чаргынов орто мектебинин ашканасынын АПУ, ИПУ документациясын даярдоо келүү жагы айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл–Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Э.Сагынбеков |
|