Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 199
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиялардын курамын жана резервин түзүү жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Республикасынын 2019-жылдагы 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Республикасынын 2019-жылдагы 5-ноябрындагы №121 Мыйзамына ылайык, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыктан Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиялардын курамы жана резерви бекитилсин. (курамын жана резервин түзүү курамы тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл –Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Э.Сагынбеков |
|