Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 200
Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинен 2020-жылга которулуп келген каражаттарды бөлүштүрүп жумшоо жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешке Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик,инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2019-жылга атайын фонддон бөлүнүүчү акча каражатты Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевдин сунушунун негизинде төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн.
а). Кызыл-Өзгөрүш айылындагы № 31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин жылытуу
системасын ишке киргизүүдө керектелүүчү сумма (технадзорго, кагаз иштерине ж.б) тиешелүү
иш кагаздарын даярдоого-500,0миӊ сом
№36 А.Ибраимов атындагы орто мектебинин кичи футболдук аянтчасын курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого-80,0 миӊ сом
Бууракан айылына ФАП курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого-100,0 миӊ сом
Айылдык китепкана жана музей курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого-100,0 миӊ сом
Күрөш зал курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого-100,0 миӊ сом
Коӊур-Өгүз айылына бала бакча курууга тиешелүү иш кагаздарын даярдоого жалпы-100,0 миӊ сом
б). Айылдык маданият үйүнүн чатырын жаӊылап жасоого-646,0 миӊ сом
в). ЛЭП Бардан участкасына- 600,0миӊ сом
г). № 31 К.Чодошев атындагы орто мектебинин ашканасын оӊдоого-134,0 миӊ сом
д). Кошой арыгын оӊдоого-300,0 миӊ сом, Өскөнбай алыш арыгын оӊдоого-300,0 миӊ сом,
Чий алыш арыктарын оӊдоого-300,0 миӊ сом
ж).Опоз участкасындагы Жутма арыгын оӊдоого-933,0 миӊ сом
з). Ички арыктарга арык казгыч- 100,0 миӊ сом
и). Орто-Жон айылындагы арыкты оӊдоого-100,0 миӊ сом
й). Орто-Жон айылындагы Мамажандын үйүнүн жанындагы арыкка темир труба жасатып
орнотууга-120,0 миӊ сом
к). Кумдама участкасындагы Кайсарбай арыгын оӊдоого-164 ,0 миӊ сом
л). Кумдама участкасындагы Бок басар ата каналын тазалоого-100,0 миӊ сом
м). Ш.Сасыкулов атындагы көчөнү жарыктандарууга-70,0 миӊ сом
Жалпы: 4847,0миӊ сом
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө 2020-жылга атайын фонддон бөлүнүүчү акча каражаттарды өз багытында жумшоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго ташырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл –Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Э.Сагынбеков |
|