Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 202
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жалпы практикалык даарыгерлер борборуна заманбап үлгүдөгү лабаратория куруу жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын курамынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбектин сунушун угуп талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жалпы практикалык даарыгерлер борборуна заманбап үлгүдөгү лабаратория курууга керектелүүчү сумма (технадзорго, кагаз иштерине ж.б) тиешелүү иш кагаздарын даярдоого Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өздүк бюджетинен каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссиянын курамынын төрагасы Айтмурза уулу Азизбеке тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл–Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Э.Сагынбеков |
|