Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 203
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген “Коомдук алдын алуу борборунун”,(мындан ары КААБ) Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген “Коомдук алдын алуу борборунун”,(мындан ары КААБ) Типтүү Уставын бекитүү жөнүндөгү, Типтүү Уставдын материалдарын карап чыгып,
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтому менен бекитилген “Коомдук алдын алуу борборунун”,(мындан ары КААБ) Типтүү Уставы бекитилсин.(Типтүү Уставы тиркелет)
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында “Коомдук алдын алуу борборунун”,(мындан ары КААБ) курамы бекитилсин “Коомдук алдын алуу борборунун” уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында “Коомдук алдын алуу борборуна”,(мындан ары КААБ) мөөр, штамп алууга уруксат берилсин жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоого айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүнүп берилсин .
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл–Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Э.Сагынбеков |
|