Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 204
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөтүжөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”Мыйзамына ылайык жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси мамлекттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин аталышы каттоодон өткөрүлсүн.
-мекеменин толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде -“Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси
-расмий тилде аталышы: Учреждение “Айыл окмот Кызыл-Озгорушского айылного аймака”
4. “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин (мындан ары мекеме) юридикалык дареги : Кыргыз Республикасы, Жалал Абад облусу, Токтогул району, Кызыл-Өзгөрүш айылы, А.Борбуев көчөсү №16
5. “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси мамлекттик каттоодон өткөрүүгө тийиштүү документтерди бүткөрүүгө айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатты бөлүнүп берилсин.
6. Каттоодон өткөрүүгө тийиштүү документтерди бүткөрүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Б.Чекировага милдеттендирилсин.
7. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын,ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендигин жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (жэ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Кызыл–Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Э.Сагынбеков |
|