Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 205
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2020-2023-жылдарга социалдык –экономикалык өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык иш мерчемин бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2020-2023-жылдарга социалдык–экономикалык өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык иш мерчемин боюнча айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
Токтом кылат:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2020-2023-жылдарга социалдык–экономикалык өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык иш мерчеми бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2020-2023-жылдарга социалдык–экономикалык өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык иш мерчемин аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Кызыл –Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Э.Сагынбеков |
|