Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-январы № 206
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевдин сунушу жөнүндө.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы борбордук көчөлөргө таштаныдыларды таштоо үчүн темир (контейнерлерди) жасатууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 60,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы борбордук көчөлөргө таштаныдыларды таштоо үчүн темир (контейнерлерди) жасатуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн алдындагы “Өнүгүү-Башаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Өскөнбаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл –Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: |
Э.Сагынбеков |
|