Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-январы № 2
“Технадзордун аткарган иштерин кароо жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны курулуп жаткан имараттар жана капиталдык ремонттон өтүп жаткан имараттардагы иштер толук кандуу аткарылбагандыгы белгиленсин жана кемчиликтер кайрадан толук аткарылганга чейин технадзорго төлөнүүчү эмгек акысы убактылуу токтотулсун.
2. Жаны курулган имаратардын жана капиталдык ремонттон өткөрүлүп жаткан имаратардагы кемчиликтерди тез арада калыбына келтирүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан көзөмөлгө алынсын жана аткарылган жумуштардын отчетторун так болбосо кийинки акча каражатын берүү токтотулсун.
3. С.Чондоева МЧБнүн, С.Мырзалиев орто мектебине келген көмүр 70 пайызы майда болгондуктан көмүр менен камсыздаган МЛН ЖМТ ОсОО ишканасына кайрадан сапатту көмүр менен камсыздоо милдеттендирилсин.
4. Ак Таш айылындагы жаны курулган мектептин курулуш иштери толук аткарылганга чейин ал имаратка окуучулар киргизбөө туралуу маалыматы эске алынсын жана айыл өкмөтү тарабынан тийиштуу органдар менен иш алып баруу жагы белгиленсин.
5. Баластан бала бакчасынын жаны курулган имаратты толук бүткөрүлгөнгө чейин ал имаратка киргизүү токтотулсун.
6. Бул токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысына милдетендирилсин
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|