Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы № 3
“Бюджеттеги үнөмдөлгөн акча каражатын кароо жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун сунушу эске алынсын .
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга бекитилген планынан библеотека тармагынын утурумдук ремонт иштерине каралган акча каражатынан үнөмдөлгөндүктөн 22211100 статьясынан 40,0 мин сом акча каражатын башкаруу тармагынын 22154900 статьясына жылдырылсын.
3. Чаткал айыл өкмөтүнүн атайын каражаттык эсебине “Вертекс” кен иштеткен ишканасынан 654,0 мин сом, “Кичи Чаарат” кен иштеткен ишканасынан 346,0 млн сом акча каражаты социалдык өнүктүрүү программанын негизинде жана меморандумдун алкагында түшкөн акча каражатты төмөндөгүдөй багытта жумшоо жагына уруксат берилсин:
Чаткал айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагына 31123190 статьясына 674,0 мин сом, 22154900 статьясына 185,5 мин сом, 22221100 статьясына 40,5 мин сом, билим берүү тармагынын 22154900 статьясына 100,0 мин сом жалпысы 1000,0 млн сом акча каражатын чыгымдалсын.
Чаткал айыл өкмөтүнүн атайын каражаттык эсебинен 31152390 статьясынан үнөмдөлгөн 270,0 мин сом акча каражатты төмөндөгүдөй багытта чыгымдоого уруксат берилсин:
Чаткал айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 22154900 статьясына 180,0 мин сом, 31112390 статьясына 57,3 мин сом, 22221100 статьясына 32,7 мин сом, жалпысы 270,0 мин сом.
4. Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Абдыкеримовго милдетендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,жер жана агрардык масселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|