Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-январы № 5
“Ар кандай маселелерди кароо жөнүндө”
ТОКОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөт башчысынын сунушу эске алынсын жана Ак Таш айылдык ФАПы боюнча кышка карата жолдун татаалдыгына байланыштуу тез жардам автоунасы үчүн 200 литр күйүүчү май айыл өкмөтүнүн эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. МТСтин өздүк эсебиндеги күздк оруп жыйноодогу жыйналып алынган буудайдын 1 кг баасы 17 сом 00 тыйындан, 1 кг арпа 15 сом 00 тыйындан сатуу боюнча туруктуу баа белгиленсин.
3. Жаны- Базар айылынын тургуну К.Эшалиевдин баласы жогорку окуу жайында окуп жаткандыгына байланыштуу анын контрагын төлөө үчүн жардам сурап жазган арызы боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинин жетишсиздигине байланыштуу ЧРМАга кен казуу ишканалары менен сүйлөшүү жүргүзүп жардам берүү боюнча айыл өкмөтүнөн кат берилсин.
4. Жайыт комитетинин сунушу боюнча жана комитетин отуруму өткөрүлүп кайрадан кийинки сессияга сунушталсын жана жайыт комитетинин эсебиндеги инвентарлар толугу менен айыл өкмөтүнүн эсебине баланска алынсын.
5. Вертекс ишканасынын фабрикасына Чаткал айыл өкмөтүнөн атайын өкүл дайындоо боюнча иштерди жүргүзүү Чаткал айыл өкмөтү тарабынан колго алынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|