Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-январы № 1
“2019-жылдын бюджетинин долбоорун кароо жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2019-жылга болжолдуу планынын киреше бөлүгү 19655,7 мин сомго анын ичинен 2173,2 мин сом бекитилсин.
3.Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын 2019-жылга болжолдуу планынын чыгаша бөлүгү 19655,7мин сомго анын ичинен 2173,2 мин сом бекитилсин.
4. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2020-жылга болжолдуу планынын киреше бөлүгү 20350,7 мин сом, 2021-жылга болжолдуу планынын киреше бөлүгү 20300,3 мин сомго ылайык бекитилсин.
5. Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц фондко чегерүү, тамак аш чыгы) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын.
6. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс” боюнча мыйзамына ылайык 174,8 мин сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашасынын 1% чейинки көлөмдө айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фонду түзүлсүн
7. Жыл ичинде жергиликтүү бюджетин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөтүүлөрдү киргизүү айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Карабаевге жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|