Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-январы № 3
“2019-жылга карта социлдык экономикалык програмадагы кабыл алынган долбоорлорлорун аткаруу жөнүндө”
Токтом кылат:
1. Чаткал айыл аймагына караштуу Жаны-Базар айылында 2018-жылдын 27-ноябрында өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын №178 протоколу менен, айылдык аймакка караштуу айылдардан артыкчылыктуу долбоорлор катары тандалып алынган төмөнкү долбоорлор;
1) “КЕРЕМЕТ КӨЧ” МЧББУнун имаратын №3 корпусунун чатырчасын жабуу жана айланасын корооло,
2) Курулуш айылдык ФАПтын имаратынын чатырын жанылоо жана веренда куруу,
3) МТС Чаткал муниципиалдык ишканасынын имаратын капиталдык ондоодон өткөрүү долбоорлору артыкчылыктуу долбоорлор деп бекитилсин.
2. Бул долбоорлордун бекитилген ДСД ылайык сметалык наркы төмөндөгүдөй белгиленсин;
1) “КЕРЕМЕТ КӨЧ” МЧББУнун имаратын №3 корпусунун чатырчасын жабуу жана айланасын корооло 1 622 791 сом, мындан жергиликтүү бюджетин эсебинен каржылануучу өздүк салым 325 000 сом,
2) Курулуш айылдык ФАПтын имаратынын чатырын жанылоо жана веренда куруу 518 560 сом, мындан жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу өздүк салым 104 000 сом,
3) МТС Чаткал муниципиалдык ишканасынын имаратын капиталдык ондоодон өткөрүү 1 249 333 сом , мындан жергиликтүү бюджетин эсебинен каржылануучу өздүк салым 250 000 сом,
3. Бул долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жалпы 679 000 сом акча каражаты Чаткал айыл өкмөтүнү н 2019-жылддагы жергиликтүү бюджетинен каржылануусу бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылуусун жекетчиликке алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|