Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-январы № 6
Ар кандай маселелерди кароо жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн сунуштаган смета проектилери жана кайрылуулары эске алынсын.
2. Курулуш айылындагы көчө чырактарын калыбына келтирүү үчүн суралган акча каражаты сметанын негизинде бөлүнүп берилсин.
3. Курулуш айылындагы Бала Нур МЧББУнун кышкы жылытуу системасынын үзгүлтүксүз кышкы сезон үчүн келишимдин негизинде айыл өкмөтүнүн эсебинен акча каражаты эмгек акы үчүн 2018-жылдын 31 декабрына чейин төлөнүп берилсин.
4. Чаткал айыл аймагына караштуу айылдардагы көчөлөргө койулуучу табличкалар жана ар бир көчөдөгү үй тамдарга койуулуучу номерлер үчүн Чаткал айыл өкмөтүнүн эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Б.Шерматов башталгыч мектебине 346 085 сом жана Байчечекей МЧББУ 377 357 сметанын негизинде кошумча акча каражаты өнүктүрүү фондунан суралсын.
6. Курулуш айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде каза болгон жарандардын турмуш шартына байланыштуу үй бүлөлөрүнө айыл өкмөтүнүн эсебинен акчалай жардам көрсөтүү иштери жүргүзүлсүн.
7. Чаткал айыл өкмөтүнүнө атайын сайт ачуу үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин жана кенештин токтомдору ачылган сайтка жайгаштырылсын.
8. А.Исмаиловдун имаратты өз менчигине өткөрүү боюнча сураган токтому жөнүндө айылдык кенштин жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына кароого калтырылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысына милдетендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|