Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-марты № 5
“Чаткал айыл өкмөтүнүн алдындагы МТС ишканасын жабуу жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл Өкмөтүнүн алдындагы МТС тин абалы боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүндөгү МТС ишканасы өзүн өзү каржылай албагандыгына байланыштуу жабылсын.
3. МТСтин эсеп счетунда турган акча каражаты толугу менен Чаткал жайыт комитетинин эсебине которулуп иш кагаздары тийиштүү инвентарлары менен техникалары жайыт комитетинин эсебине өткөрүлүп берилсин.
4. Жайыт комитети айыл өкмөтү менен биргеликте жобосун иштеп чыксын жана айыл аймактын муниципиалыдык кызмат көрсөтүү эрежелерине ылайык эске алуу менен каралып сессияга сунушталсын.
5. МТСтин бухгалтеринин ушул күнгө чейинки эмгек акысы толугу менен төлөнүп берилсин.
6. Техникаларды он абалда кармап мыйзам чегинде кызмат көрсөтүү Чаткал жайыт комитетинин жетекчисине милдетендирилсин.
7. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги ФПС жеринен 20га суулу жана 10 кайракы жери баардыгы болуп 30 га жер жергиликтүү калкты тоют менен камсыз кылуу жана коопсуздук үчүн тоют өсүмдүктөрүн запас кармоо максатында айыл өкмөтү менен келишимдин негизинде жайыт комитетине убактылуу колдонууга ижарага берилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|