Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-июлу № 1
“Чаткал жайыт комитетинин аткарган иштерин кароо жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал жайыт комитетинин 2019-жылга карата 6 айда аткарган иштери боюнча маалыматы так болбогондугуна байланыштуу кийинки сессияга маалымат берүү жагы белгиленсин.
2. Чаткал жайыт комитетинин төрагасы М.Матишовго иш пландын негизинде иш алып баруу менен Чаткал айыл өкмөтүнүн жана Чаткал айылдык Кенешинин токтомдорун өз убагында аткарууга алуу жагы эскертилсин.
3. Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу ФПСтин жеринен тоют коопсуздугун камсыздоо максатында берилген 20 га жердеги беде жана эспарцеп өсүмдүгүн өз максатында ташып жыйуу жагы М.Матишовго милдетендирилсин.
4. Чаткал жайыт комитетине өткөрүлүп берилген МТЗ-892. маркасындагы экскаватору ар кандай иштин заарылчылыгына байланыштуу Чаткал айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык кенешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|