Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-июлу № 3
“Өнүктүрүү саясат институтуна долбоор сунуштоо жөнүндө”
Хельветас жана өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылуучу “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун пилоттук муниципалитет сынагына Чаткал айыл өкмөтүнө автогрейдер алууга долбоор сунуштоо жөнүндөгү Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун карап жатна талкуулап Чаткал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Хельветас жана өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылуучу “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун пилоттук муниципалитет сынагына Чаткал айыл өкмөтүнө автогрейдер алуу боюнча долбоору сунушталсын.
2. Долбоордун талаптарына ылайык өздүк салым үчүн төлөнүүчү акча каражаты Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүң башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|