Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-июлу № 5
“Ар кандай маселелерди кароо жөнүндө”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн алдындагы “ЖКХ-Чаткал” муниципалдык ишканасынын суу тарифтери бекитилсин.
2. Чаткал райондук Салык башкармалыгынын Чаткал айыл өкмөтү менен салык мыйзамдары боюнча түзүлгөн келишим узартылсын .
3. Чанадалаш участкасындагы жаны отургузулган бактын айланасын тосуу иштери айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылсын.
4. 2019-жылдын 27 июлунда кен казуу ишканаларын иш сапар менен туруктуу комиссиянын иш планынын негизинде жумушчулардын шартары боюнча таанышуу үчүн депутаттык топ иш сапарга чыгышсын жана айыл өкмөтү тарабынан күйүүчү май бөлүнүп берилсин..
5. К.Усупбеков орто мектебинин жаны салынган имарты боюнча технадзор жана авторпроект менен иш жүргүзүү айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Каныш Кыя айыл өкмөтү менен Чаткал айыл өкмөтүнүн чек араларына өзгөртүү киргизүү боюнча тийиштүү иш жүргүзүү колго алынсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык кенешинин жер жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|