Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-августу № 4
“Өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө”
Чаткал айыл Өкмөтүнүн Ак таш айылындагы чек ара тозоту боюнча сунушун угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезекcиз XXIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл аймагынын башчысынын Чек ара тозотундагы жетишпестиктери үчүн керектелүүчү акча каражатын суроо боюнча сунушу эске алынсын.
2. Ак таш айылындагы чек ара тозотунун сунуштарынын негизинде аларга колдоо көрсөтүү максатында чарбалык жумуштарын аткарууга 253,554 мин сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык кенешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|