Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры № 1
“Бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Чаткал айылдык кенешинин бюджет комитетинин чечими б-ча маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХIV–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын жергиликтүү бюджеттинин киреше чыгаша бөлүгү боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бекитилген чыгаша бөлүгүнүн эсебинен билим берүү тармагынан 22122100 статьясынан 139,6 мин сом, маданият тармагынан 22122100 статьясынан 22,8 мин сом жалпысы 162,4 мин сом акча каражаты төмөнкү статьяларга жылыдырылып чыгымдооо жагына уруксат берилсин:
Башкаруу тармагына 31112390 статьясына 64,0 мин сом, билим берүү тармагынын 22221100 статьясына 98,4 мин сом
3. Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттык эсебине кен иштетүү ишканаларынан жардам иретинде түшкөн 1000,0 сом акча каражаты төмөндөгүдөй багытта чыгымдоого уруксат берилсин;
- Башкаруу тармагынын 22154900 статьясына 413,4мин сом, 22221200 статьясына 150,0 мин сом, 31112390 статьясына 377,6 мин сом, маданият тармагынын 31112390 статьясына 59,0 мин сом,
4. Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Эргеш уулу У |
|